Кыргызстанда алдыдагы күзгү-кышкы сезондо 500 отун басазы ачылат

Кыргызстанда алдыдагы күзгү-кышкы сезондо 500 отун басазы ачылат.   Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, биринчи кезекте көмүр казуу компаниялары кара отун менен бюджеттик уюмдарды жана калкты камсыздашы керек.   Компаниялар тарабынан бааларды негизсиз жогорулатуу фактылары катталса, алардын ишкердүүлүгүнө бөгөт коюлат, — дешти… Кененирээк…

Кыргызстанда 36 мектептин курулушу аяктап жатат

Кыргызстанда 36 мектептин курулушу аяктап жатат. Алар 1-сентябрда ачылат. Дагы 60 жалпы билим берүү мекемеси жыл аягына чейин колдонууга берилет. Айрым мектептер жаңыдан салынса, кээ бирлеринде ири жаңыртуу иштери жүрүүдө.   Эске салсак, жалпысынан Кыргызстанда 2 миң 300 мектеп бар. Алардын көбүндө балдар  2-3 смен… Кененирээк…

АКШ зоопаркында тактары жок жираф туулду

АКШ зоопаркында тактары жок жираф туулду. Ал толугу менен күрөң түстө. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде, мындай уникалдуу жираф – дүйнө жүзүндө жападан жалгыз.   Ошондой эле алар өзгөчө жираф аталган жаныбарлардын маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурат деп ишенүүдө. Дүйнөдөгү эң бийик делген жаныбарлар Африкадагы айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүнөн улам жана… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы бала бакча пайда болот

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жаңы бала бакча пайда болот. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси Биймырза айылында жайгашып, 120 орунга чакталат. Курулушка курулуш департаменти дээрлик 68 миллион сом багыттайт.   Аткаруучу компаниялардан арыздар 6-сентябрга чейин кабыл алынат.

Билим берүү министрлиги мектеп формасына карата талаптарды жарыялады

Билим берүү министрлиги мектеп формасына карата талаптарды жарыялады. Кийим биринчи кезекте классикалык болушу керек. Мектеп формасы  көйнөк, шым же юбка, пиджак, фартуктан турат.   Кара, көк, боз же кочкул кызыл түстөр болот. Ведомстводон белгилешкендей, мектеп жетекчилиги жана мугалимдер аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарынан бирдиктүү форманы талап… Кененирээк…

Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдыктар аяктап калды

Камбар-Ата – 1 ГЭСинин курулушуна даярдыктар аяктап калды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.   Анын айтымында, магистралдын, подстанциянын, электр өткөрүү линияларынын, көпүрөнүн жана куруучулар үчүн кыштактын курулушу дээрлик аягына чыкты.   Белгилеп кетсек, Камбар-Ата – 1 ГЭСинин жалпы кубаттуулугу 1… Кененирээк…

Бразилиялык футболчу Неймарды Сауд Арабияда кучак жайып тосуп алышты

Бразилиялык футболчу Неймарды Сауд Арабияда кучак жайып тосуп алышты. Форварддын презентация аземинде жүздөгөн дрондор, фейерверктер учурулуп,  миңдеген кубанычтуу фанаттар келди.   Маалыматка ылайык, Неймар “Аль-Хиляль” клубунда бир сезондо 150 миллион евро табат. Бул анын ПСЖдагы айлыгынан 6 эсе көп. Эске салсак, футболчу өткөн жумада франциялык… Кененирээк…

Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы орус драмтеатрдын имараты толук оңдоодон өтөт

Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы орус драмтеатрдын имараты толук оңдоодон өтөт. Капиталдык ремонттук иштерди жүргүзүүгө тендер мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.   Калыбына келтирүүгө 76,5 миллион сом жумшалат. Арыздар 5-сентябрга чейин кабыл алынат.

Кыргызстандын мектептериндеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди

Кыргызстандын мектептериндеги окуу китептеринин ижара акысы 25 сом деп бекитилди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка Каныбек Иманалиев кол койду.   Окуу китебинин ижара акысын төлөө мөөнөтү   2023-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген. Жаңы окуу жылында ижара акыны көтөрүү пландалган эмес. Бирок келечекте баанын жогорулашы менен… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү маалымдады.   Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган. Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын, коомдук коопсуздуктун сакталышы боюнча иш-чаралар… Кененирээк…