Кыргыз-казак чек арасында унаалардын узун кезеги уланууда

Кыргыз-казак чек арасында унаалардын узун кезеги уланууда. Чек ара кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата “Ак-Тилек” бекетинде 500гө чукул, Кең-Булуң постунда 150гө жакын оор жүк ташыган машине топтолду.

 

Бир сутка ичинде Казакстанга 112 гана унаа өткөн.

 

Эске салсак, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан тарта жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда боло баштаган. Ал эми кыргыз тарапта эч кандай чектөөлөр жок.

 

Жүк ташуучу унаалар топтолгон жерге атайын чатырлар тигилген. Анда айдоочуларга зарыл жардамдар берилет.