Жакартада мамлекеттик кызматкерлердин жарымына жакыны үйдөн иштей баштады

Индонезиянын борбору Жакартада мамлекеттик кызматкерлердин жарымына жакыны үйдөн иштей баштады. Буга бийлик тарабынан жол тыгындарын кыскартуу жана абанын булганышын азайтуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар себеп болууда.

 

Белгиленгендей, октябрдын аягына чейин аралыктан иштегендердин саны 75 пайызга жетет. Бул ооруканалардын, куткаруу жана өрткө каршы кызматтардын, ошондой эле транспорт тармагынын кызматкерлерине тиешелүү эмес.

 

Кошумчаласак, Жакартадагы абанын сапаты соңку күндөрү абдан начарлап кеткен. Талдоочулар Индонезиянын мегаполисин дүйнөдөгү эң булганган шаар деп аташкан.