Жети-Өгүздө 100 балага чакталган жаңы бала бакча ачылды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында жайгашкан.
Заманбап бардык шарттары менен салынган бала бакча 2 кабаттан турат. Мында 19 адам жумуш менен камсыз болот.
10 миңге жакын жашоочусу бар Барскоон айылында буга чейин 1 эле бала бакча иштеп келген.