Индияда аял үч эркекке турмушка чыгып, аларды тоноп качып кеткен

Индияда аял үч эркекке турмушка чыгып, аларды тоноп качып кеткен.

 

Күйөөлөрүнүн бири ага июнь айында үйлөнгөн. Көп өтпөй аял туугандарына барышы керектигин айтып, үйдөн алтын менен акчаларды алып кеткен.

 

Эркек кайра кайрылып келүүнү суранганда, ал ар кандай шылтоолор менен акча жөнөтүүгө көндүрүүгө аракет кылган.

 

Жабырлануучу жагдайдан шектенип, милицияга кайрылган. Иликтөө учурунда шылуун үч жолудан кем эмес ушундай схеманы ишке ашырганы белгилүү болду. Аял камакка алынып, кийин анын шериктери да кармалган.