Кыргыз-казак чек арасындагы акыркы абал айтылды

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны учурга карата 379, “Чалдыбарда” 73, “Кең-Булуңда” 89, “Чоң-Капкада” 73ке жетти. Соңку маалыматты Кыргызстандын чек ара кызматы берди.   Ал эми кыргыз тараптагы пункттар күнүмдүк тартипте иштеп жатат.   Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында айрым көчөлөр жабык

Жалал-Абад шаарынын Ленин көчөсүнүн бир бөлүгү бүгүн кечки саат 18:00гө чейин жабык болот. Буга тиешелүү жол чийиндерин чийүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгы себеп экендигин ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.   Тосулуучу жерлер Ленин көчөсүнүн Баел базарынын алдынан тартып, Ленин жана Курманбек көчөлөрүнүн кесилишине чейинки аралык (Сузак Жалал-Абад… Кененирээк…

Айтматовдун чыгармалар жыйнагы грузин тилине которулду

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесинин алдында Кыргызстандын Грузиядагы элчилигинин демилгеси жана консулдарынын колдоосу менен жазуучунун чыгармалары грузин тилине которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Маалым болгондой, кириш сөздү улуу жазуучунун уулу – экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов жазган. Китептин бет… Кененирээк…

Караколдо жаңы мектеп пайда болот

Караколдо жаңы мектеп пайда болот. Билим берүү мекемесинин имаратынын курулушуна тендерди шаардык мүлк башкаруу кызматы жарыялады. Мектеп Удилов – Валиханов көчөлөр кесилишинде жайгашып, 500 окуучуга чакталат.   Анда атайын галереясы менен спорт зал каралган. Курулушка 200 миллион сом багыттоо пландалууда.

Кыргызстан Казакстан алдында Киров суу сактагычынан суу берүү боюнча бардык милдеттенмелерин аткарууда

Кыргызстан Казакстан алдында Киров суу сактагычынан суу берүү боюнча бардык милдеттенмелерин аткарууда. Бирок июль айында суралган көлөм боюнча лимит 5-августта соңуна чыкты.   Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмазбек Сокеев билдирди. Андан тышкары, суу сактагычта нымдуулук кескин азайды. Учурда ал болгону 3 пайызга толгон.… Кененирээк…

Диетолог стресстен арылтууга жардам берген азыктарды атады

Диетолог стресстен арылтууга жардам берген азыктарды атады. Адис Андрей Бобровскийдин айтымында, психологиялык-эмоционалдык оор абалдан чыгуу үчүн магний жана цинк көп болгон азыктарды жеш керек.   Андан тышкары, омега-3, фолий кычкылына басым жасоо сунушталат. Бул заттар кулпунай, апельсин, мандарин, грейпфрут, авокадодо көп. Ал эми чөп-чардын ичинен… Кененирээк…

Түркияда өрттөн улам миңден ашуун тургун эвакуацияланды

Грециянын токойлорундагы өрт коңшу Түркияга да жайылып, Чанаккале аймагындагы тогуз айылдын 1200 тургуну эвакуацияланганы кабарланды. «Азаттыктын» азери кызматы жазгандай, 1500 гектардан ашуун токой күйүп, 48 адам түтүнгө ууланып ооруканага жаткырылган.   Эгей жана Мармара деңиздериндеги токойлордогу өрттүн айынан кемелердин кыймылы да токтотулганы айтылууда. Бир күн… Кененирээк…

Бишкекте тротуарларды оңдоо уланууда

Бишкекте тротуарларды оңдоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда иштер Ибраимов көчөсүнүн Бөкөнбаев – Токтогул тилкесинде жүрүп жатат. Жолчулар асфальттын эски катмарын алып, бордюрларды жаңыртууда.   Андан тышкары, жакынкы арада ирригациялык тармак өткөрүлөт.

Түп районунун акими өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Адиев Каныбек Маматбекович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.

Президент Ысык-Көл районунун акимин кызматтан бошотту

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким Жумадылов Калыбек Аманатович өз каалоосу менен ээлеген кызматынан бошотулду.