Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушу жарыктандырылды

Бишкектеги «Калыс-Ордо» конушу жарыктандырылды, деп билдирди муниципалитеттин маалымат кызматы.

 

Ага ылайык, аталган конуштагы 104, 105, 115, 116 көчөлөрдө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 49 даана светодиоддук чырак орнотуп, 3000 метрге жакын изоляцияланган зым тартышты.