Ала-Букада 90 орундуу бала бакча ачылды

Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында 90 орундуу балдар бакчасы ачылды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бала бакчанын курулушуна райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен 16 млн 400 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2,5 млн сом бөлүнгөн.

 

Анда бөбөктөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.