Кытайда “Кыргыз почтасы” ишканасынын филиалы ачылды

Кытайдын Кашкар шаарында “Кыргыз почтасы” ишканасынын филиалы ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

 

Эми кыргызстандыктар Кытайдан товарларды түз буйрутма кыла алышат.

 

Жаңы өкүлчүлүк өлкөдө электрондук сооданы өнүктүрүүгө жардам берет. Ошондой эле логистика жана товарды жеткирүү сапаты жакшырат деп күтүлүүдө.

 

Келечекте почта бөлүмү курьердик кызматты ишке киргизүүнү пландап жатат, анын аркасында Кытайдан каалаган товарларды үйгө жеткирүү менен заказ кылса болот.