Бишкекке жылуулук качан берилет?

Ордо калаага жылуулук орточо температура 5 күн катары менен 8 градустан төмөн болгондо бериле баштайт. Novosti.kgге Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев билдиргендей, бул болжол менен октябрь айынын аягы, ноябрдын башына туура келет. Учурда күз-кыш мезгилине карата ЖЭБди оңдоо иштери жүрүп жатат.

 

“Беш буу казан ремонттолууда. Андан тышкары майда-чүйдө жумуштар арбын. Кыш келгенге чейин оңдоо иштери бүткөрүлөт”.

 

Нурлан Кульджигачев кошумчалагандай, Бишкек ЖЭБи жыл сайын ондоп-түзөөгө муктаж.