Быйыл Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган негизги салтанаттар Ош шаарында өтөт.
Маданият министрлиги Novosti.kgге билдиргендей, программа жети локацияны камтыйт. Анын ичинде шаардын башкы аянты, ипподром жана Сулайман-Тоо бар.
Ошондой эле мамлекеттик ишмер Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралар пландалууда.
Мындан тышкары, шаардын бардык райондорунда тургундардын катышуусунда спорттук оюндар жана элдик фестивалдар өткөрүлөт.