Бишкек-Сокулук айланма жолунун курулушуна тендер жарыяланды

Жол чарба департаменти Бишкек-Сокулук айланма жолунун курулушуна тендер жарыялады. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

 

Тендердин баасы 1 миллиард сомдон ашат. Бул каражатка Бишкектин Кустанай көчөсүнөн Сокулук райондук МАИ постуна чейин Профсоюзная көчөсүн бойлой айланма жол куруу пландалууда. Трассанын узундугу 8,5 чакырымды түзөт.