Быйыл Бишкек ЖЭБине 1 миллион 200 миң тонна көмүр керектелет

Быйылкы күз-кыш мезгилине Бишкек ЖЭБине 1 миллион 200 миң тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Novosti.kgге ордо калаанын жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев билдирди.

 

“Негизи келишимдин баары түзүлгөн. Учурда импорттук шабыркүл көмүрү 50 миң тоннага жакын келип түштү. Кара-Кеченики болсо сентябрдан баштап келет. Андан тышкары, Таш-Көмүрдөн 50 миң тонна көмүр график боюнча октябрда келе баштайт”.

 

Талапка ылайык, керектелүүчү көмүрдүн 650 миң тоннасы жергиликтүү көмүрү болушу керек. Калган 550 миң тонна Казакстандан импорттолот.