Бишкек ЖЭБи газга өткөрүү боюнча техникалык жактан даяр

Бишкек ЖЭБи газга өткөрүү боюнча техникалык жактан даяр. Учурда “Газпром Кыргызстан” ишканасы менен көгүлтүр оттун көлөмүн, баасын аныктоо иштери жүрүп жатканын Novosti.kgге ТЭЦтин башкы инженери Нурлан Кульджигачев билдирди:

 

«Газга өткөндө абдан көп каражат сарпталат. Баасын “Газпром” ишканасы доллардын курсуна жараша бычат. Бирок бара-бара газга өтөбүз. Канчалык кымбат болсо да адамдын ден соолугу биринчи орунда турат. Бардык өлкөлөрдө көмүр менен иштеген ТЭЦтин баары газга өтө баштады, өтүп бүткөндөрү да бар”.

 

Буга чейин өкмөт Бишкектин ыш маселесин чечүү үчүн Жылуулук электр борборун жаратылыш газына өткөрүүнү көздөп жатканын билдирген.