Бишкекте 6 миңдей керектөөчү карыздары үчүн жарыгы жок калышы мүмкүн. Ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришкендей, аралыктан өчүрүүлөр эртең, 29-августта башталат.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерге бересесин эртелеп төлөө сунушталат. Төлөмдөр терминалдар, электрондук капчыктар жана “Кыргыз почтасынын” кассаларында кабыл алынууда.