Өлкөдө 1-сентябрга карата 42 мектеп жана 4 спортзал ачылат

Өлкөдө 1-сентябрга карата 42 мектеп жана 4 спортзал ачылат.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

 

Анын айтымында, жалпысынан 46 социалдык объекттин курулушу аягына чыгып калды. Билим күнүнө карата ачылышы пландалган мектептерде бардык заманбап талаптарга жооп берген ашкана, спорт залдар, концерт залдар каралган, — деди чиновник.