Кыргызстанда салыктык текшерүүлөрдүн мораторийи жоюлду

Кыргызстанда салыктык текшерүүлөрдүн мораторийи жоюлду. Салык органдарынын текшерүүлөрү убактылуу мораторий киргизилген текшерүүлөр тизмесинен чыгарылды.

 

Тиешелүү токтом өкмөттө кабыл алынды. Ага ылайык, салык органдарына бизнести текшерүүгө тоскоолдук болгон талап жоюлду. Белгилеп кетсек, мамлекеттик бюджеттин негизги бөлүгүн салыктан түшкөн каражат түзөт. Кыргызстанда бюджеттин негизги бөлүгүн салыктан жана Кумтөрдөн түшкөн каражат түзөт.