Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүүнү пландап жатат

Бишкек мэриясы коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүүнү пландап жатат. Бул тууралуу вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов билдирди.

 

Анын айтымында, биринчи этапта атайын тилкелер Түштүк Магистраль жана Байтик Баатыр көчөлөрүндө пайда болот.

 

Экинчи этапта Чүй, Жибек Жолу проспектилери камтылат. Жаңычылдык сентябрдан тарта киргизилет. Муну менен, жеңил унаалар аталган тилкелерге кире албайт, ал эми автобус, троллейбус жана маршруттук таксилер тыгынсыз ыңгайлуу жүрө алат.