Ушул аптада Кыргызстандан жем жана дан экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн

Ушул аптада Кыргызстандан жем жана дан экспорттоого тыюу салынышы мүмкүн. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, тоют жана данды сыртка чыгарууга чектөөлөр ички рынокто тартыштыктын алдын алуу максатында киргизилүүдө.   Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, ушул жылдын 23-июлуна карата республика боюнча… Кененирээк…

Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу уланууда

Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, 27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон келген топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулган.   Жеринде куткаруучулар тазалоо иштерин… Кененирээк…

Өзгөндө 75 орундуу заманбап бала бакча ачылды

Өзгөн шаарында 75 орундуу заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Белгиленгендей, бала бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттен каржыланып, 25 млн 254 миң сом бөлүнгөн.   Имарат эки кабаттуу, 19 бөлмөдөн турат.

Бүгүн ар бир кыргызстандык акысыз юридикалык жардам алса болот

Бүгүн ар бир кыргызстандык акысыз юридикалык жардам алса болот. Акция өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулуп, Юстиция министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө.   Программанын алкагында 28-августта бардык каалоочуларга юристтер, нотариустар, Эмгек министрлигинин, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, Социалдык фонддун, Салык кызматынын жана калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери тарабынан юридикалык кеңештер берилет.

Кыргызстанда электр энергиясын азыртан үнөмдөө сунушталат

Кыргызстанда электр энергиясын азыртан үнөмдөө сунушталат. Novosti.kgге Бишкек жылуулук электр борборунун башкы инженери Нурлан Кульджигачев билдиргендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү быйыл да электр менен толук камсыздоого аздык кылат.   “Негизи келе жаткан кыш оор болушу мүмкүн. Анткени Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыга караганда дээрлик… Кененирээк…