Камерундун тургуну бир убакта тогуз бала төрөдү

Камерундун тургуну Антония Маду Обианужу бир убакта тогуз бала төрөдү.

 

45 жаштагы аял ЭКО ыкмасы менен кош бойлуу болгон. Антония алты кыз жана үч уулду жарык дүйнөгө алып келди.

 

Эл аралык басылмалар жазгандай, Маду бир эле учурда тогуз баланы төрөгөн дүйнөдөгү экинчи аял болуп калды. 2021-жылы Африкадагы Мали республикасынын тургуну Халима Сиссе да ушунча балалуу болгон.

 

Кийинчерээк ал Гиннестин рекорддор китебине кирген.