Эртең Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылат

Эртең, 29-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук көчөлөрү жабылат.

 

Калаанын Ленин көчөсү Ош-Бишкек унаа жолунун айланма жолунан тартып, Барпы-Сейил көчөсүнө чейинки бөлүгү таңкы саат 7ден түшкү 12ге чейин толугу менен чектелет. Мунун себеби “Барселона” футбол клубунун академиясынын ачылышына карата өтө турган иш-чарага байланыштуу.

 

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Ленин көчөсүнүн жээктерине автоунаа токтотпоону өтүнөт.