Бишкектин четинде “Байтик Ресорт” курорту пайда болот

Бишкектин четинде “Байтик Ресорт” курорту пайда болот. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда көбүнесе иштебей турган “Политех”, “Кашка-Суу” жана “Оруу-Сай” эс алуу жайлары тоо лыжасы жана тоо туризми боюнча жылы бою иштей турган бир кластерге бириктирилет. Кийин бул жерге чейин коомдук транспорт жүргүзүү иштери пландалууда.