Улуттук банк кыргызстандыктардын санарип паспортторун кабыл алып баштайт

Улуттук банк кыргызстандыктардын санарип паспортторун кабыл алып баштайт. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси бир катар укуктук ченемдик актыларга өзгөртүүлөрдү киргизди.

 

Ага ылайык, лицензия алуу сыяктуу процедураларда жарандар паспортунун түп нускасын дагы, анын санариптик вариантын дагы көрсөтө алат. Документ электрондук кызматтар мамлекеттик порталынан же “Түндүк” уюлдук тиркемесинен алынышы керек.