Жалал-Абадда жаңы проспект ачылды

Жалал-Абадда жаңы проспект ачылды. Көчөгө акын Түмөнбай Байзаковдун ысымы ыйгарылды. Жол катмарынын сапатын текшерүүгө өлкө башчы барганын маалымат каражаттары жазышууда.

 

Президенттин айтымында, алдыдагы жылдары Жалал-Абад шаары республиканын экинчи экономикалык борборуна айланат. Буга чейин бул максатта 2 миллиард сом бөлүнгөн. Кайра иштетүүчү ишканаларды, социалдык объектилерди куруп, борбордук көчөлөрдү оңдоо пландалууда.