Кыргызстанда орган алмаштыруу операциялары жасала баштады

Кыргызстанда биринчи жолу ички органдарды трансплантациялоо боюнча операция ийгиликтүү жасалды. Бул операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 30-августта Фейсбукка жазды.   Президент Садыр Жапаров бул ооруканага барып, операция болгон жарандардан кабар алып, бейтапкананын шарты менен таанышты. Ал мындан ары кымбат… Кененирээк…

Күйүүчү майдын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунушталды

Мунай ташуучуларга күйүүчү майдын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунушталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.   Мекеме күйүүчү-майлоочу майдын негизги көлөмү Россиядан келерин эске салат. Азыр алардын рыногунда күйүүчү майдын айрым түрлөрүнүн баасы кескин көтөрүлүп кеткени байкалууда, бул Кыргызстанга таасирин тийгизбей койбойт.… Кененирээк…

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.   Силкинүү бүгүн, 30-августта таңкы саат 07:10до катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.   Жер титирөө Аксы районунун Кум айылында 2,5 баллга чейин сезилген.   Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар… Кененирээк…

Ат-Башыда 100 орундуу бала бакча ачылды

Ат-Башыда 100 орундуу бала бакча ачылды.   Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Кара-Булуң айылында жайгашкан.   Бардык шарты бар бала бакча заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Ноокаттын жолуна асфальт төшөө аяктаганы кабарланды

Ош-Баткен-Разаков жолунун Ноокаттагы тилкесине асфальт төшөө аяктады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди. Сентябрга чейин жол сызыктары чийилип, белгилер орнотулат.   Ноокаттын жолунун абалы боюнча буга чейин ар кандай дооматтар айтылып келген. Аны оңдоо ушул жылдын март айында башталган.   Бул жолдун… Кененирээк…

Салык органдары 31-августта кадимки тартипте иштейт

Салык органдары 31-августта кадимки тартипте иштейт. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, салык төлөөчүлөр мүлк салыгы боюнча суроолор болсо бул күнү да кайрыла алышат.   Эске салсак, 1-сентябрда автоунаа, турак жай, батир жана үлүш жерлерге салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Кечиккендер айып пул жана ар бир күн үчүн… Кененирээк…

Сириядан Кыргыстанга 95 жаран алынып келди

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандын 95 жараны алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, алардын 31 аялдар, 64ү жашы жете элек балдар. Бул иш-чарага АКШнын өкмөтү баштаган эл аралык уюмдар көмөктөшкөн.   Эске салсак, ушул жылдын башында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана… Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курулат

Кыргызстанда мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мугалимдердин август конференциясында билдирди.   Анын айтымында тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров берген.   Министр ошондой эле 700 мугалимге арзандатылган баада ипотекалык насыя түрүндө үй курула турганын, долбоордун жер… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Бүгүн “Барселонанын” мурдагы оюнчулары менен Азиянын ардагер футболчуларынын беттешине байланыштуу Бишкектин эки көчөсү жабылат.   Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, түшкү саат 2ден тарта оюн аяктаганга чейин Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсү, Манас простпектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылына… Кененирээк…

Ахунбаев, Исанов, Сүйөркуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

Медицинанын жана илимдин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Иса Ахунбаевге каза болгондон кийин “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.   Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен ушундай эле белги… Кененирээк…