Маданият министрлигинин чечими менен Кыргызстанда Tik-Tok социалдык тармагы жабылат

Маданият министрлигинин чечими менен Кыргызстанда Tik-Tok социалдык тармагы жабылат.

 

Ведомство  мындай чечим кабыл алууга бир катар кайрылуулар негиз болгонун  жүйөгө келтирет.

 

Социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүлүп, анда TikTok платформасын колдонууда балдардын ден соолугуна, өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты чектөөлөр жана ошондой эле курактык категорияны көзөмөлдөө функциялары киргизилбей жаткандыгы аныкталган.

 

Чечим Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында андан ары ишке ашыруу үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине жөнөтүлдү.