Кыргызстанда кийинки элдик курултай 15-декабрга белгиленди. Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Документтин негизинде жер-жерлерден 700 делегатты шайлоо, курултайдын өткөрүү регламентинин долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди.
Өлкө башчы кабыл алган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда биринчи курултай өткөн жылдын 25-26-ноябрында өткөн.