Кыргызстанда айрым кесиптик окуу жайларда миграцияга даярдоо жана окутуу борборлору ачылат

Кыргызстанда айрым кесиптик окуу жайларда миграцияга даярдоо жана окутуу борборлору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

Жалпысынан 10 борбор ачуу пландалууда. Аларда кадрларды окутуу, квалификациясын жогорулатуу жана башка кыска курстар уюштурулат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашык кыргызстандык жаран чет мамлекеттерде иштеп жүрөт. Алардын басымдуусу Россияда.