Учурга карата биринчи класска 150 миңден ашык бала кабыл алынды.
Билим берүү министрлигинен белгилешкендей, электрондук кабыл алуу уланууда, андыктан, бул сан дагы өсүшү мүмкүн.
Эгер ата-энелер кандайдыр бир себептер менен баласын биринчи класска киргизе албай калса, анда алар райондук же шаардык билим берүү башкармалыгына кайрылышы керек. Эске салсак, жаңы окуу жылы 1-сентябрда старт алат.