Алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпейт

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирди. Министр 30-августта «Биринчи радиого» берген маегинде информатика, англис тили сабактарынан берген мугалимдер керек экенин, быйыл жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультеттерине тапшыргандардын саны көбөйгөнүн айтты.

«Быйыл педагогикалык адистикке 6400дөн ашуун бала тапшырса, 2 миңи өтпөй калды. Педагогикалык коллеждерге 14 миңден көп абитуриент тапшырса, 3 миңи өтпөй калды. Анткени атаандаштык пайда болду. Келерки жылы конкурс мындан дагы катуу болот. Себеби педагогикалык окуу жайларга босого балл 115тен жогорулайт. Анткени начар окуган баланы жакшы мугалим кылып чыгаруу кыйын. Быйыл медицина факультеттерине тапшырууну каалагандар абдан көп болду. Ал жакка баллды 120га көтөрөбүз. Ушинтип талап күчөй берет».

Кыргызстанда мектептерде билим берген мугалимдердин саны 82 миңдин тегерегинде.

Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 2022-жылдын 1-апрелинен тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинен педагогдордуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% көбөйгөн.

Өткөн жылы кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд сому билим берүү тармагына кеткен.