Сингапурда мышыктар үчүн дүйнөдөгү биринчи круиз пайда болду

Сингапурда мышыктар үчүн дүйнөдөгү биринчи круиз пайда болду. Эми мышык ээлери жаныбары менен мыкты саякатка бирге чыга алат. Кемеде мышыктар үчүн өзүнчө ыңгайлуу жайлар каралган.

 

Кичи саякат 2,5 саатка созулат. Мындай круиздерди уюштурган компаниядан белгилешкендей, мышыктар үчүн дагы, алардын ээлери үчүн дагы коопсуздук чаралары түзүлгөн.