Ленин округу боюнча 100дөн ашык киши сырттан добуш берет

Бишкектин Ленин округу боюнча депутатты кайра шайлоодо 100дөн ашык киши сырттан добуш берет.

 

БШК эскерткендей, ден соолугуна байланыштуу же башка себептер менен шайлоо участогуна келе албагандар мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө укуктуу. Алар эртең өз тандоосун жасайт.

 

Шайлоонун өзү жекшемби күнү болот.