Чүй облусунун Токмок – Шамшы – Туюк унаа жолунда асфальт-бетон төшөө иштери аткарылып жатат. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата жолдун 560 метр аралыгына асфальт төшөлдү. Планга ылайык, аталган жолдун 3 чакырым аралыгын асфальттоо каралган.