Венецияга кирүү акылуу болот

Венецияга кирүү акылуу болот.

 

Шаар бийлиги тесттик режимде бир күндүк туристтик сапарлар үчүн төлөм киргизүүнү чечти. Ага ылайык, 14 жаштан ашкан саякатчылар Венецияда бир түн калса, беш евро төлөшөт.

 

Мындай инновациянын максаты Венециянын сырткы көрүнүшүн жана анын маданий мурастарын сактап калуу болуп саналат.

 

Каражат келерки жылдын жаз айларында алына баштайт жана эксперимент бир айга созулат деп күтүлүүдө.