Сүлүктүдө кап чыгаруучу ири ишкана ачылды

Сүлүктү шаарында кап чыгаруучу ири ишкана ачылды. Ишкананы ата мекендик инвесторлордун бири курган.

 

Долбоордун баасы 40 миллион сомду түзөт.

 

Завод жакын аралыкта пайдаланууга берилиши күтүлүүдө. Анын алкагында 120га жакын адам жумуш менен камсыз болот.

 

Ишкана 5 килограммдан 150 килограммга чейинки каптарды чыгарат.