Бишкекте автобустарга алмаштырылган айрым маршруткалар кайра каттамга чыкты

Бишкекте автобустарга алмаштырылган айрым маршруткалар кайра каттамга чыкты. Кеп 100, 105, 152, 195 жана 212 номурлуу кичи автобустар тууралуу болуп жатат.

 

Транспорт департаментинин башчысынын орун басары Улан Уезбаев кичи автобустар көп эместигин, алар жүргүнчүлөрдүн автобустардын ортосундагы интервалдардын көптүгүнө даттануусунан улам ишке чыкканын билдирди.

 

Ошол эле учурда чиновник бул чаралар убактылуу экенин белгиледи. Жаңы автобустардын келиши менен маршруткалардын саны кыскарат.