Бишкекте жаңы жашыл жана парк аймактарын куруу иштери уланууда. Маселен, учурда Нариман жана Алтай көчөлөрүнүн кесилишинде жумуш жүрүп жатат.
Буга чейин авариялык абалдагы бак-дарактар жок кылынды. Жакында бул жерге газон төшөлүп, чөптүн үрөнү себилет.
Белгилеп кетсек, бул аймак мурда кароосуз калган.