Рианнанын экинчи баласынын аты белгилүү болду

Ырчы жана ишкер Рианнанын экинчи баласынын аты белгилүү болду. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, ал уулуна Риот Роуз Майерс деген ат койгон.

 

Басылмалар баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн да көрүүгө жетишкен. Ага ылайык, ымыркай ушул жылдын 1-августунда таңкы саат 7:41де Лос-Анжелестеги төрөтканада жарык дүйнөгө келген.

 

Рианна буга чейин бир уулду тарбиялап жаткан.