Бишкекке жыл аягына чейин дагы 600 автобус алынып келет

Бишкекке жыл аягына чейин дагы 600 автобус алынып келет. Мэриянын маалыматына караганда, анын ичинен 500ү республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынса, калганы Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын линиясы аркылуу алынат.

 

Эске салсак, былтыр мэрия кытайлык компаниядан 1 млрд сомго автобустарды сатып алган. Каражат шаардык бюджеттен бөлүнгөн.

 

Транспорттун биринчи партиясы 2022-жылдын январь айында келе баштаган. Учурда 300гө жакын автобус каттамга чыкты.