Кыргызстанда фермерлерге пайызсыз жана күрөөсүз дээрлик 226 млн сом бөлүндү. Каражат «Сүт тармагынын өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу» долбоорунун алкагында өздөштүрүлөт.
Каржы министрлигинен билдиришкендей, долбоор жылдын жаз айларынан тарта Ысык-Көл, Нарын жана Таласта пилоттук режимде ишке ашырылып жатат.
Бул аралыкта эки миңдей фермер мамлекеттен пайызсыз жана күрөөсүз насыя алышты. Каражат 3 жылга берилет. Төлөм 3 айда бир жолу жүргүзүлөт.