Баткенде үч эм төрөлдү. Ымыркайларды Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Гүлжамал Каратаева жарык дүйнөгө алып келгенин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Наристелердин үчөө тең кыз, аларга Рабия, Алия жана Асия деп ысым ыйгарылды. Учурда эне-балдардын абалы жакшы, төрөтканадан чыгышкан.
Гүлжамал Каратаева буга чейин бир кызды тарбиялап жаткан.