Ысык-Көлдө прокуратура кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулат

Ысык-Көлдө прокуратура кызматкерлери үчүн көп батирлүү үй курулат. Облусту өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекция эки кабаттуу турак жай салууга тендер жарыялады.

 

Батирлер Жети-Өгүз райондук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн салынат.

 

Тендердин пландалган суммасы дээрлик 20 миллион сомду түзөт.