Бишкекте 1-октябрга чейин күзгү-кышкы сезонго даярдык боюнча бардык иштер аткарылып бүтөт. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев билдирди.
Анын айтымында, 74 буу казанда даярдык иштер соңуна чыгып калды, 22си альтарнативалык отунга өткөрүлдү. Андан тышкары, шаарда 8 көмүр базасы иштеп жатат, аларда жалпысынан 3 миң тоннадан ашык кара отун бар.
Вице-мэр белгилегендей, бүгүнкү күндө Бишкекте көмүр менен маселелер жок.