Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жана самокаттар үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт

Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипед жана самокаттар үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт. Мэриядан билдиришкендей, мындай чечим шаар кызматтарынын жеринде өткөн кеңешмесинде ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

 

Тилкеге жакынкы арада тиешелүү жол белгилери орнотулат.