Улуттук банк 47 миллион 690 миң доллар сатты

Улуттук банк 47 миллион 690 миң доллар сатты. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси доллар курсунун серпилүүсүн токтотууга жана америкалык валютанын жетишсиздигин, же тескерисинче ашып жатканын жөнгө салуу максатында интервенция жүргүзөт.   Муну менен Улуттук банк быйылкы жылдын эсебинен  12-жолу эл аралык валюта рыногу чыгып жатат.

Энергетика министрлиги Социалдык фонд менен биргеликте “Күн кубат” долбоорун ишке ашырат

Энергетика министрлиги Социалдык фонд менен биргеликте “Күн кубат” долбоорун ишке ашырат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.   Анын айтымында, программанын алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн турак-жайына 5-10 киловаттык күн панелдери орнотулат. Жарандар андан электр энергиясын алат, ал эми ашып калса, мамлекетке сатса болот.  … Кененирээк…

Германия төрт күндүк иш графигине өтүшү мүмкүн

Төрт жумушчу күн жана үч күн эс алуу. Мындай графикти ар бир кызматкер кыялданса керек.   Германияда 50 компаниянын катышуусунда ушундай эксперимент өткөрүү пландалууда. Кызматкерлер жумасына төрт гана күн иштешет, бирок мурдагыдай эле айлык алышат.   Долбоордун максаты — альтернативдүү моделди сыноо жана натыйжаларга илимий… Кененирээк…

Кыргызстанда импорттун көбөйүшүнүн себеби айтылды

Кыргызстанда импорттун көбөйүшү унаа жана жабдууларды негизинен Кытайдан алып келүүнүн өсүшү менен камсыздалат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкы билдирди.   Банк өлкөдөгү соода жүгүртүү 2022-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу дээрлик үчтөн бирге өскөнүн эске салды.   Көрсөткүчтүн өсүшүнө экспорттун 34,5 пайызга жана импорттун 30 пайыздан ашык… Кененирээк…

Жалал-Абаддын бир катар жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

Эртең, 16-сентябрда Жалал-Абад шаарынын бир катар жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 16-сентябрда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 9:00дөн 17:00гө чейин шаардын Абдрахманов №16,18, Байзаков проспектиси №176,178,180,182, Сузак, Ивасишина, Авиация, Москва, Курманбек №15,17 көчөлөрү, «Алтын-Казык» соода борборунда электр жарыгы болбойт.  … Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түзөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 9 миң 354 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.   Анын айтымында, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга көбөйөт.   Бирок жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот.

Ак-Ордодогу үйлөр шаардык канализацияга кошулат

Бишкектеги Ак-Ордо конушундагы Ак-Ордо көчөсүндө жеке турак жайларды шаардык канализация тармагына кошуу үчүн канализация курулат.   Муниципалитеттен билдиришкендей, ал үчүн 4 млн 520 миң сом сарптоо пландалууда.   Сынактар жөнүндө толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган.

Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 164 спортчу катышат. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, алардын катарында Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков өңдүү белгилүү спортчулар бар.   Оюндар 23-сентябрдан 8-октябрга чейин уланат. Ага 40тан ашуун өлкөдөн келген… Кененирээк…

Баткенде чек арачылар үйлүү болушту

Баткенде чек арачылар үйлүү болушту. УКМКдан билдиришкендей, бул жолу жаңы үйлөрдүн ачкычы «Кулунду» заставасындагы чек арачыларга тапшырылды.   Турак жай комплекси 30 батирлүү, турмуш-тиричилик техникалары менен толук камcыздалган. Мындан сырткары, балдар ойноочу аянтча жана башка бардык шарттары бар.

Эртең Кыргызстанда масштабдуу ишембилик өтөт

Эртең Кыргызстанда масштабдуу ишембилик өтөт.   Улуттук тазалык күнүнө арналган экологиялык акцияны Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги уюштурат. Ага бардык жарандар катышып, анын алкагында кɵчɵ, айыл, район, облус жана бүтүндɵй мамлекеттин аймагын биргеликте тазалоого чакырылат, — деп айтылат маалыматта.   Эске салсак, мындай… Кененирээк…