“Социалдык келишим” долбоорун алган 10 миң катышуучунун 95 пайызын аялдар түзөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция минитрлигинен билдиришкендей, кыргызстандык кыз-келиндер айыл чарба, тигүү, азык-түлүк тармактарында чакан ишкерлик ачууда.
Айрымдары соода жана кызмат көрсөтүү тармактарын тандаган.
Ведомстводон белгилешкендей, долбоордун ийгилигинин сыры – анын катышуучуларын каржылык сабатуулукка жана бизнес-пландоого үйрөтүлуп жаткандыгында.