Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унааларды токтотууга тыюу салынышы мүмкүн

Бишкектин борбордук көчөлөрүндө унааларды токтотууга тыюу салынышы мүмкүн. novosti.kgге Транспорт департаментинин жетекчисинин орун басары Улан Уезбаев билдиргендей, кеп Бөкөнбаев, Москва, Логвиненко, Панфилов, Шопоков, Тыныстанов жана Токтогул көчөлөрү тууралуу болуп жатат.

 

Учурда ордо калаа бийлиги атайын жол белгилерди даярдоо, орнотуу жана жол чийиндерин түшүрүү иштерин каржылоо маселесин чечүүдө.

 

Күтүлгөндөй, парковкага тыюу кийинки жумадан тарта киргизилет. Уезбаев белгилегендей, мындай чаралар борбордук бөлүктөгү тыгындарды азайтууга багытталат.