Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын январь айынан июлга чейин 85 миң унаа импорттолду.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул 2022-жылдын ушул мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, дээрлик 3,5 эсе көп.
Жалпы импорттун баасы 1 миллиард доллардан ашат. Кыргызстанга 58 мамлекеттен унаа ташууга уруксат берилет, бирок басымдуусу Түштүк Корея, АКШ, Кытайдан келет.