Каржы министринин жаңы орун басары дайындалды

Үмүтжан Аманбаев Каржы министринин орун басары – Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.   Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.   Министрлер кабинетинин башчысы кол койгон башка тескеменин негизинде Каржы министринин орун басары – Финансы финистрлигинин Борбордук… Кененирээк…

Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат.   Мэриядан билдиришкендей, ушул жекшемби ордо калаада эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Буга байланыштуу  17-сентябрда таңкы саат 6дан күндүзгү 10го чейин Чүй проспектиси Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейин, Абдрахманов көчөсү Чүй проспектисинен Иманалиев көчөсүнө чейин, Иманалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Айтматов… Кененирээк…

GoBus автобустары күзгү графикке өтүүдө

GoBus автобустары күзгү графикке өтүүдө.   Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришкендей, 16-сентябрдан тарта Бишкек-Каракол багытындагы автобустар мурдагыдай эртең мененки саат 8де эмес, 10до жөнөйт. Ошол эле учурда автобус Каракол шаарынан да Бишкекке күндүзгү саат 10до жолго чыгат.

“Манас” аэропорту биринчи жолу өз каражатына эки учак сатып алды

“Манас” эл аралык аэропорту биринчи жолу өз каражатына эки учак сатып алды.   Өлкөнүн башкы аба майданынан кабарлашкандай, келишимге Брюсселде кол коюлду. Ага ылайык, чет элдик компания учактарды келерки жылдын май айында жеткирип берет.   Бул убакыт аралыгында Кыргызстандын мыйзамдарын эске алуу менен жана жарандык… Кененирээк…

Кыргызстанда эт былтыркыдан 1,3 пайызга көп өндүрүлдү

Кыргызстанда эт былтыркыга салыштырмалуу 1,3 пайызга көп өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-сентябрына карата республикада 266,8 миң тонна эт өндүрүлгөн.   “Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 миң 484 тоннага же 1,3 пайызга көп”, — деп айтылат маалыматта.

Борбор Азия саммитинде президент суу жана энергетика маселесин көтөрдү

Тажикстанда өткөн Борбор Азия саммитинде президент Садыр Жапаров суу жана энергетика маселесин көтөрдү. Мамлекет башчынын маалымат кызматы билдиргендей, ал сууга болгон мамилени толук өзгөртүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта биргелешип иштөөгө чакырды.   Жапаров суу жылдан жылга азая баштарын, ал эми муктаждык жана керектөө көбөйөрүн, аймактагы… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик дарыканалар ачылат

Кыргызстанда мамлекеттик дарыканалар ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналив билдирди.   Фирмалар менен сүйлөшүп, социалдык дарыканалар ачылган. Мамлекеттик дарыканаларды жакын арада ача баштайбыз, — деди министр.   Белгилеп кетсек, парламент “Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө” жана “Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө” мыйзамдын… Кененирээк…

Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды

Кыргызстанга мигранттардын акча которуулары азайды.   Улуттук банктын маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер ушул жылдын июль айында мекенине 145 млн доллардан ашык которгон. Бул май айына караганда дээрлик 18 млн долларга аз.   Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет. Андан кийин алыскы… Кененирээк…