Бишкектин бир бөлүгүндө газ болбойт

Бишкектин бир бөлүгүндө газ болбойт. Бүгүнтөн тарта 29-сентябрга чейин Аламүдүн, БЧК каналынын жээктеринде, Чугуев, Чернышевский көчөлөрүндө көгүлтүр от берүү токтотулат.   Мындан тышкары, бүгүн жана эртең  Үмөталиев, Пушкин, Турусбеков көчөлөрүнүн тилкелеринде газ болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу.

АКШда бойго жете элек эки бир тууган апасынын унаасын уурдап кетишкен

АКШда бойго жете элек эки бир тууган апасынын унаасын уурдап, аны менен штатты бир нече саат бою айланып чыгышкан.   10 жаштагы бала 11 жаштагы эжеси менен түн жарымында 320 чакырымдай жолду басып өтүшкөн. Ал арада унаанын уурдалганы боюнча укук коргоо органдарына арыз түшүп, милиция… Кененирээк…

Баткенде энергетиктер үчүн 277 млн сомго эки имарат курулууда

Баткенде энергетиктер үчүн 277 млн сомго эки имарат курулууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Баткен шаарында салынып жаткан Баткен электр тармактар ишканасынын имаратынын жалпы сметалык баасы 221 млн сомду, ал эми Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын имаратынын курулушунун жалпы баасы 56 млн сомду түзөт.   Объекттер «Кыргызстан… Кененирээк…

Бишкекте стол тенниси боюнча шаардык чемпионат өттү

Бишкекте стол тенниси боюнча шаардык чемпионат өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, Бишкек шаарынын биринчилиги 23-24-сентябрда №65 орто мектепте уюштурулду. Белгиленгендей, чемпионат спорттун бул түрүн кеңири жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Спорттук иш-чараны мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгы Стол тенниси ассоциациясы менен… Кененирээк…

Ноокаттагы 190 орунга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл бүтөт

Ноокаттагы 190 орунга ылайыкталган мектептин курулушу быйыл бүтөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов билдирди.   Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кургак-Тектир айылындагы мектептин курулушу 2021-жылы башталган.   Учурда окуу корпусу, спорттук залы бүткөрүлүп, ички жасалгалоосу… Кененирээк…